Элчи Кубанычбек Өмүралиев Стамбулда өткөн 25-Евразиялык экономикалык саммитке катышты

1635

2022-жылдын 8-июнунда Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Элчиси Кубанычбек Өмүралиев Стамбул шаарында өткөн 25-Евразиялык экономикалык саммитинин энергетика маселелери боюнча пленардык сессиясында «Кыргыз Республикасынын энергетикалык дарамети тууралуу» презентация жасады.

Элчи Кубанычбек Өмүралиев Кыргыз Республикасынын гидроэнергетикасын өнүктүрүү боюнча зор дараметин жана ГЭСтерди куруу боюнча Өкмөт тарабынан көрүлүп жаткан чаралар жана шарттар тууралуу маалымат берип, инвесторлорду аталган багытта долбоорлорду биргелешип ишке ашырууга чакырды.

Иш-чаранын катышуучуларына конкреттүү кадамдар катары 2022-жылдын 8-июнунда Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров тарабынан Кыргызстандын энергетикалык көз карандысыздыгына жетишкенге шарт түзгөн Борбордук Азиядагы эң ири ГЭСтердин бири болгон Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушунун башталганы мисал болуп айтылды.

Жогоруда белгиленген сессияга Өзбекстандын инновациялык өнүгүү министри, Азербайжандын энергетика министринин орун басары, Тажикстандын Инвестициялар жана мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы, БУУнун Женевадагы кеңсесинин өкүлдөрү, ЕЭКтин өкүлдөрү, Албаниянын жана Молдованын мурдагы Премьер-министрлери, компаниялардын жана инвестициялык фонддордун жетекчилери, ошондой эле бир катар өлкөлөрдүн мамлекеттик жана коомдук ишмерлери катышты.

2022-жылдын 7-9-июнунда болуп өткөн 25-Евразиялык экономикалык саммитине Черногориянын Президенти, Босния жана Герцеговинанын Президенти, БУУнун Цивилизация альянсынын Жогорку өкүлү, ошондой эле Хорватиянын, Түндүк Македониянын, Молдованын, Тунистин жана башка өлкөлөрдүн мурдагы Президенттери катышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK