Элчи Руслан Казакбаев Анкара шаарынын Чубук муниципалитетинде жашаган этникалык кыргыздардын тобу менен жолугушту

647

2023-жылдын 16-январында Элчи Руслан Казакбаев Бунямин Токер баштаган Анкара шаарынын Чубук муниципалитетинде жашаган этникалык кыргыздардын тобу менен жолугушту.

Жолугушууда Элчи Казакбаев Түркиядагы этникалык кыргыздардын жалпы абалын жана жашоо шарттарын кызыгып сурады. Ошондой эле дүйнө жүзүндөгү этникалык кыргыздарга, айрыкча маданий жана улуттук өзгөчөлүктү сактоо жана өнүктүрүү үчүн жардам көрсөтүү боюнча Кыргыз Республикасынын бийлиги тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берди.

Өз кезегинде этникалык кыргыздар Анкарадагы этникалык кыргыздар коомунун ачылышына колдоо көрсөтүүнү, Элчиликтин иш-чараларына этникалык кыргыз диаспорасынын өкүлдөрүн активдүү тартууну жана мурда жетишилген макулдашууга ылайык Чубуктагы этникалык кыргыздарга улуттук боз үйдү белекке берүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну өтүнүштү.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK