Түркиядагы Кыргызстандын жарандары Элчиликтин ыраазычылык белгилери менен сыйланышты

1885

2022-жылдын 19-майында Кыргызстандын жарандары Түркияда Кыргызстанды жана анын маданиятын таанытуу боюнча Элчиликтин иш-чараларына кошкон салымы жана активдүү катышкандыгы үчүн Элчиликтин ыраазычылык белгилери менен сыйланышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө дипломатиялык өкүлчүлүктүн Башчысы Кыргыз Республикасынын жарандарына алардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча Элчилик тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштер, ошондой эле маданият тармагында ишке ашырылып жаткан жана пландаштырылган долбоорлор тууралуу маалымат берди.

Жолугушуунун соңунда Элчи Өмүралиев бүгүнкү иш-чара башка жарандарга да Элчиликтин өлкөнү таанытуу боюнча иштерине жигердүү катышууга жакшы түрткү болот деген ишенимин билдирди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK