ТИМ өлкөсүнө кайтуу үчүн олуттуу зарылчылыгы болбогон чет өлкөдөгү кыргыз жарандарынан сапарларын токтотуп туруусун өтүнөт!

Тышкы иштер министрлиги чет өлкөдө жүргөн Кыргыз жарандарына 2020 –жылдын 22-мартынан баштап, Кыргызстанда жугуштуу COVID-19 коронавирус инфекциясына байланыштуу 1 айлык мөөнөткө убактылуу өзгөчө кырдаал киргизилгенин кабарлайт.

Министрликтин басма сөз кызматынын билдирүүсүнө ылайык, коронавирус инфекциясынын өлкөгө киришине жол бербөө үчүн көрүлүп жаткан чараларды эске алып, Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандыктарды Кыргызстанга кайтып келүү сапарларын алдын ала пландаштыруусун жана өлкөгө келүү зарылдыгы болбосо убактылуу жашап жаткан жеринде калуусун өтүнөт.

Буга байланыштуу Тышкы иштер министрлиги чет өлкөдөгү кыргыз жарандары менен кызматташуу жана жардам көрсөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин ыкчам штабы бар экенин эске салат. Ушунун менен бирге Министрлик Республикалык штабтын чечими менен Кыргызстандын аймагында чартердик жана жүк ташуучу аба каттамдарына уруксат берилгенин белгилейт.

2020-жылдын 20-мартында саат 00:00дөн баштап Кыргызстандан же Кыргызстанга уча турган бардык эл аралык үзгүлтүксүз аба каттамдарына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругу менен чектөөлөр киргизилди. Бул чектөө расмий түрдө токтотулганга чейин улана бермекчи. Жүк ташуучу учактарга, коронавирус инфекциясын алдын алуу жана жайылтпоо боюнча Республикалык штабтын чечими менен чартердик аба каттамдарга жана төмөнкү жүргүнчү аба каттамдарына чектөөлөр киргизилген жок.

- Москва-Бишкек-Mосква ("Аэрофлот" ачык-акционердик коому) - жумасына 1 жолу;

- Ош-Mосква-Ош ("Avia Traffic Company" жоопкерчилиги чектелген коом) - жумасына 1 жолу;

- Ош-Бишкек-Ош ("Сибирь авиакомпаниясы" ачык-акционердик коому) – жумасына 1 жолу.

Консулдук бөлүм: (+996 312) 663 405, 660 811 (кошумча 108, 109, 119, 129). Шашылыш телефону: +996 551 312 000.