Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинде Россиядан жана Туркиядан келген мекендеш-дарыгерлерге коронавируска каршы күрөшүүдө жардам көрсөтүү үчүн эстелик сыйлыктары тапшырылды

5514

2020-жылдын 7-августунда, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинде коронавирустук инфекция пандемиясы менен күрөшүүдө Кыргызстандын медициналык мекемелерине жардам көрсөтүү үчүн Россия Федерациясынан жана Түркия Республикасынан келишкен дарыгерлерге-мекендештерге ведомстволук сыйлыктарды салтанаттуу тапшыруу аземи болуп өттү. 

Ак ниет эмгеги, жогорку кесипкөйлүгү жана саламаттыкты сактоодогу ийгиликтери үчүн 7 мекендеш-дарыгер «КР ТИМге 75 жыл» юбилейлик медалы менен сыйланды. Covid-19 пандемиясы менен күрөшүүдө өзүн аябаган эмгеги жана салымы үчүн 31 дарыгер-мекендешке “КР ТИМдин Ыразычылыгы” жарыяланды.

Эсиңиздерге сала кетсек, коронавирусту жуктуруп алгандардын санынын кескин көбөйүшү жана медициналык кызматкерлердин жетишсиздиги менен байланышкан Кыргызстанда оор эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу, ү.ж. 15- июлунда Кыргызстандын ооруканаларында иштөө үчүн Түркияда ординатураны өтүп иштеп жаткан 18 кыргызстандыктан турган медициналык кызматкерлердин тобу келген. 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK