Дипломатиялык миссиянын башчысы

КАЗАКБАЕВ Руслан Айтбаевич

Туулган жылы жана жери: 1967-жыл 18-май, Кыргыз Республикасы, Талас областы;

Билим: Жогорку билимдүү

1991-жылы Фрунзе политехникалык институту;

2002-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин Юридикалык бѳлүмү;

2004-жылы Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясы

Иш тажрыйбасы:

1992-жылы

Кыргыз Республикасынын илимдер Академиясы;

1995-1996 жж.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук башкармалыгында үчүнчү жана экинчи катчысы;

1996-1999 жж.

Кыргыз Республикасынын Стамбул шаарындагы Башкы консулдун орун басары;

1999-2005 жж.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Башкармалыктарынын жетекчиси;

2005-2009 жж.

Кыргыз Республикасынын Стамбул шаарындагы Башкы консулу;

2009-ж.

Кыргыз     Республикасынын Тышкы иштер министринин биринчи орун басары;

2010-ж.

Кыргыз Республикасынын Убактылуу ѳкмѳтүнүн

Тышкы иштер министринин милдетин аткаруучусу;

 

2010-2012 жж.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер  министри;

2012-ж.

Бишкек шаардык кеңешинин депутаттыгынаРеспублика саясий партиясынан талапкер;

2015-2020 жж.

“Республика-Ата Журт” саясий партиясынын Аткаруу кеңешинин Төрагасы, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VI чакырылышынын депутаты; “Республика-Ата Журт” фракциясынын Башчысы, Финансы жана бюджет боюнча комитеттин жана Эл аралык иштер, коопсуздук жана коргоо боюнча комитеттин мүчөсү;

2020-2022 жж.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри;

2022-жылы

Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси.

 

Кыргыз Республикасынын «Данакер» (2021-ж.) жана «Даңк» (2016-ж.) ордендери, Казакстан Республикасынын экинжи даражадагы «Достык» ордени (2022-ж.) менен сыйланган. 

«Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси» дипломатиялык рангына ээ. Түрк жана англис чет тилдеринде сүйлөйт.

Үй-бүлѳлүү, алты баланын атасы.