Жаңы шайланган Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Нургожоевич Жапаровдун Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайип Эрдоганга ыраазычылык телеграммасы.

3775

Бишкек,  2021-жылдын 12-январы

 

 

Урматтуу Режеп Тайип Эрдоган мырза,

 

Кыргыз Республикасынын Президенти болуп шайланышым менен жылуу куттуктооңузду чоң кубаныч менен кабыл алдым.

Түркия Республикасы Кыргыз Республикасынын тышкы саясатында ар дайым маанилүү орунду ээлеп келет. Бир тууган Түркия Республикасы менен стратегиялык өнөктөштүктү чыңдоо жана эки тараптуу мамилелерди өркүндөтүү үчүн бүт күч-аракетимди жумшоого даярмын. Бул жаатта Сизди колдоо көрсөтөт деп терең ишенем.

Сизге чың ден соолук, бакыт-таалай жана албан ийгиликтерди, ал эми боордош түрк элине тынчтык жана өнүгүү каалайм.

 

 

Терең урматтоо менен,

 

 

Садыр Жапаров

 

 

 

 

 

Улуу Мартабалуу

Түркия Республикасынын

Президенти

Режеп Тайип Эрдоган мырзага

Анкара ш.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK