Түркиянын Президенти Р.Эрдоган Бишкек Кыргыз-Түрк достук мамлекеттик ооруканасын ачуу, биргелешип башкаруу жана өткөрүп берүү жөнүндө Келишимди ратификациялоо боюнча Түркия Республикасынын Мыйзамына кол койду

3722

2021-жылдын 19-февралында Түркиянын Президенти Р.Эрдоган Бишкек Кыргыз-Түрк достук мамлекеттик ооруканасын ачуу, биргелешип башкаруу жана өткөрүп берүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандарынын Түркия Ресупубликасында медицина жаатында жана медициналык адистиктер боюнча билим алуу жөнүндө 2018-жылдын 1-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Келишимди ратификациялоо боюнча Түркия Республикасынын 2021-ж. 10-февралындагы №7274 Мыйзамына кол койду. Өз кезегинде, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши 2019-жылдын 18-апрелинде келишимди ратификациялаган, ал эми 2019-жылдын 28-майында Кыргызстандын Президенти келишимди ратификациялоо жөнүндө мыйзамга кол койгон.

Келишимге ылайык, оорукананы андан ары толук кандуу иштеши үчүн зарыл болгон медициналык жабдыктар менен жабдуу каралган. Ошондой эле, келишимдин алкагында, түрк тарабы жыл сайын 20 кыргыз дарыгери үчүн Түркияда медициналык адистиктер боюнча окууга мүмкүнчүлүк берет, ошондой эле Кыргызстандагы медициналык билим берүү жана медициналык адистиктер боюнча окутууга багытталган окуу программасын иштеп чыгууга колдоо көрсөтөт.

 

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK