Элчилик Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туу күнүн белгиледи
2021-жылдын 3-мартында Элчилик Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туу күнүн белгиледи.
Элчиликтин кызматкерлери жана мекендештердин катышуусу менен Мамлекеттик Тууну көтөрүү аземи болуп өттү.
Элчи Кубанычбек Өмүралиев иш-чаранын катышуучуларын майрамы менен куттуктап, мамлекеттик туу Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн, улуттук биримдигинин жана көз карандысыздыгынын символу экендигин белгиледи.