Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Элчилигинин астындагы №9036 шайлоо участогунда Референдумда добуш берүү процесси аяктады

3293

Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Элчилигинин астындагы №9036 шайлоо участогунда ”Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча Референдумда добуш берүү процесси аяктады.

Добуш берүү процесси Кыргыз Республикасынын референдум жөнүндө мыйзамынын талаптарына толугу менен ылайык өттү. Тынч жана жакшы маанайда өткөн добуш берүү учурунда шайлоочулардан эч кандай нааразылык жана арыз катталган жок. Добуш берүү санитардык-эпидемиологиялык талаптардын сакталышын эске алуу менен өттү.

Шайлоочулардын тизмесине буга чейин кирген Кыргыз Республикасынын жарандары шайлоо участогунда добуш берүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK