Президент Садыр Жапаров жана Түркия Президенти Режеп Тайып Эрдоган Анкара шаарында Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына арналган сүрөт көргөзмөсүн биргеликте ачышты

2764

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров жана Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайып Эрдоган, 9-июнь 2021 жылында, Анкара шаарында Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына арналган сүрөт көргөзмөсүн биргеликте ачышты.

Бул сүрөт көргөзмөсү Түркия Республикасынын Президентинин Администрациясынын колдоосу менен Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Элчилиги тарабынан уюштурулган.

Мамлекет башчылары Кыргызстандын географиясы, тарыхы, маданияты, жаратылышы, сыймыктуу жерлери жана салттуу турмушу жөнүндө кыскача маалыматтарды камтыган уникалдуу сүрөттөрдү кызыгуу менен көрүштү.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK