Түркияда аккредитацияланган Элчилердин жубайларынын Эл аралык аялдар клубу тарабынан уюштурулган көргөзмө

2846

2021-жылдын 10-12-июнь күндөрү Анкара шаарындагы “Атакүле” соода борборунун көргөзмө залында ТРда аккредитацияланган Элчилердин жубайларынын эл аралык аялдар клубу тарабынан уюштурулган көргөзмө болуп өттү.

Көргөзмөгө сайма ыкмасында жип, шуру, жибек ленталар менен жасалган, паспартуга жабыштырылып рамага коюлган 30дан ашык сүрөт коюлду. Бул көргөзмөгө Казакстан, Кувейт, Палестина, Марокко, Джибути, Вьетнам, Конго Демократиялык Республикасы, Украина жана Түштүк Судан Элчилеринин жубайлары менен катар, Кыргыз Республикасынын Элчисинин жубайы да өз эмгектерин көргөздү.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK