"Türkiye Bursları" стипендиялык программасынын алкагында Түркиянын университеттерине окууга кабыл алуу башталды

2871

2022-жылдын 10-январында Чет өлкөдөгү түрктөр жана тектеш коомчулуктар башкармалыгы (YTB) тарабынан ишке ашырылып жаткан стипендиялык программанын алкагында Түркиянын университеттерине окууга арыздарды кабыл алуу башталды.

Программа эл аралык студенттерге жана изилдөөчүлөргө Түркиянын эң престиждүү университеттеринде бакалавриат, магистратура, докторантура жана изилдөө программалары үчүн стипендия алуу мүмкүнчүлүгүн берет.

Стипендия эмнени камтыйт?

• билим берүүнүн баасы

• айлык стипендия

• медициналык камсыздоо

• жатакана

• Түрк тили курстары

• бир жолку транспорттук чыгымдарды төлөө (эки багытта)

Арыздар 2022-жылдын 10-январынан 20-февралына чейин онлайн жана акысыз кабыл алынат.

Онлайн арыз берүү системасы: http://www.tbbs.turkiyeburslari.gov.tr

Толук маалымат алуу үчүн программанын веб-сайты: http://www.turkiyeburslari.gov.tr

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK