2022-жылдын 24-январында түрк Өнөр жайчылар, ишкер айымдар жана ишкерлер конфедерациясы (Sankon) менен бирге «Кыргызстан-Түркия» Бизнес-форумун өткөрүү пландалууда
Урматтуу ишкерлер,
2022-жылдын 24-январында саат 14.00дөн 16.40ка чейин түрк Өнөр жайчылар, ишкер айымдар жана ишкерлер конфедерациясы (Sankon) менен бирге онлайн катышуу мүмкүнчүлүгү менен «Кыргызстан-Түркия» Бизнес-форумун өткөрүү пландалууда (онлайн платформа жана форумдун программасы менен төмөнкү шилтемеден жана жарыяланган сүрөттөн таанышууга болот).
Мурда онлайн-форум катары пландаштырылган бул форумга Анкарадагы кыргыз жана түрк ишкерлери оффлайн (физикалык) түрдө да катышса болот, ал эми Анкарадан тышкаркы жердеги ишкерлерге онлайн түрдө катышуу сунушталат.
Өтчү жери: Анкара шаары, “The Ankara Hotel” мейманканасы, Мармара конферец-залы,
Дарек: Eti Mah. Celal Bayar Bulvarı. No:78/A 06930 Maltepe / ANKARA.
Катышуу үчүн 2022-ж. 24-январына чейин эл.почта: k.mederbek@mail.ru же WhatsApp: +996 778 66 22 28 аркылуу Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Элчилигине маалымат берүү керек.
Sankon тууралуу толук маалыматты www.sankon.org.tr сайтынан алса болот.
Онлайн платформага шилтеме: https://drive.google.com/file/d/1mqSNBtQHw353IlQY4oVNJmGJc0kRlRoc/view?usp=sharing