Түрк Өнөр жайчылар, ишкер айымдар жана ишкерлер конфедерациясы (Sankon) менен биргеликте 2022-жылдын 24-январында өткөрүүгө көздөлгөн «Кыргызстан-Түркия» Бизнес-форумунун өтүүсү башка мезгилге которулгандыгы тууралуу

1780

Урматтуу ишкерлер,

Түрк Өнөр жайчылар, ишкер айымдар жана ишкерлер конфедерациясы (Sankon) менен биргеликте 2022-жылдын 24-январында өткөрүлө турган Кыргызстан-Түркия» Бизнес-форуму Түркиядагы аба ырайы шарттарына, өзгөчө Анкара жана башка аймактарда кардын көп жааганына байланыштуу аталган уюмдун ишкерлеринин форумга катышуусу мүмкүн болбой жаткандыгынан жана техникалык себептерден улам, «Sankonдун» сунушу менен башка күнгө которулгандыгы тууралуу маалымдайбыз. Бизнес-форум боло турган күндү кошумча кабарлайбыз.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK