Кыргызстан менен Түркиянын ички иштер министрлеринин онлайн жолугушуусу болуп өттү

1878

2022-жылдын 26-январында Улан Ниязбеков Туркиянын ички иштер министри Сулейман Сойлу менен болгон онлайн форматтагы жолугушуусунда коомдук коопсуздукту сактоо, кылмыштуулукка каршы курөшүүнүн заманбап форматтары, санариптештирүүнүн учурдун талаптарына ылайык ийгиликтери жана өз ара кызматташуунун жаңы багыттары боюнча сүйлөштү.

Улан Ниязбеков онлайн форматта төмөндөгү багыттарды баса белгиледи. “Өткөн жылдын октябрь айында Стамбул шаарында болгон биздин жолугушуубуздун жыйынтыгы менен коомдук коопсуздукту сактоого багаттылган санариптик техникалык каражаттар бизге келди. Ошондой эле ал техникаларды колдонуу боюнча биздин кызматкерлерге үйрөтүү иштерин жүргүзүп, кесиптик чеберчилигин жогорулатууга кошкон салымыңыздар үчүн ыраазычылык билдиремин. Түркия полициясынын адистери Бишкек шаарына келишип, биздин кызматкерлерге кылмыштуулук менен күрөшүүдөгү алдыңкы тажрыйбалары менен бөлүшүп, окутууларды, үйрөтүүлөрдү жүргүзүштү. 100гө жакын кызматкерибиз кыска мөөнөттүн ичинде алдыңкы тажрыйбаларды топтошуп, өздөрүнүн ишмердигинде пайдаланууда. Учурда да Түркия полициясынын мыкты адистери коомдук тартипти сактоонун заманбап методдору боюнча окуу-семинарларды өткөрүүдө. Ошондой эле тажрыйба алмашуу максатында биздин  кызматкерлерди Түркияга жиберүү маселеси да колдоого алынууда. Сиздер тараптан көрсөтүп жаткан жардамдарыңыз жана колдооңуз үчүн Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин өздүк курамынын жана жеке өзүмдүн атымдан терең ыраазычылык билдиремин”,- деди Улан Ниязбеков.

Онлайн форматтагы жолугушууда Туркия мамлекети менен Кыргыз Республикасынын  ички иштер министрлигинин өз ара кызматташтыгын өркүндөтүү багытында приоритеттүү максаттуу багыттар талкууланды. Алсак, жарандардын коопсуздугун жана укуктарын жогорку деңгээлде  камсыздоодо, укук бузууларды алдын алууда, кылмыштуулук менен күрөшүүдө, ошону менен бирге баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы иш алып барууда жана заманбап техникалык каражаттарды колдонууда  өз ара тажрыйба алмашуу багытында иштерди күчөтүү керектиги баса белгиленди.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK