Резиденциясы Анкара шаарында жайгашкан Кыргыз Республикасынын Израиль Мамлекетиндеги Элчиси Кубанычбек Өмүралиев Израиль Мамлекетинин Мамлекеттик Протоколунун башчысы Гил Хаскелге Ишеним грамоталарынын көчүрмөсүн тапшырды

1562

2022-жылдын 5-апрелинде резиденциясы Түркия Республикасынын Анкара шаарында жайгашкан Кыргыз Республикасынын Израиль Мамлекетиндеги Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Кубанычбек Өмүралиев Израиль Мамлекетинин Мамлекеттик Протоколунун башчысы Гил Хаскелге Ишеним грамоталарынын көчүрмөсүн тапшырды.

Мамлекеттик протоколдун башчысы, Элчи Хаскел кыргыз Элчини кызматка дайындалышы менен куттуктап, анын жогорку кызматта иштөөсү кыргыз-израилдик мамилелерди мындан ары өнүктүрүүгө кызмат кыларына ишенимин билдирди.

Өз кезегинде Элчи К.Өмүралиев эки өлкөнүн жыргалчылыгы үчүн кыргыз-израилдик кызматташтыгын мындан ары да чыңдоого бардык күч-аракетин жумшай тургандыгын белгиледи.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK