Элазыг шаарына болгон иш-сапарынын алкагында Элчи Кубанычбек Өмүралиев Элазыг Соода-өнөр жай палатасынын Президенти Асилхан Арслан жана Палатанын мүчөлөрү менен жолугушту

1545

2022-жылдын 13-майында Элазыг шаарына болгон иш-сапарынын алкагында Элчи Кубанычбек Өмүралиев Элазыг Соода-өнөр жай палатасынынПрезиденти Асилхан Арслан жана Палатанынмүчөлөрү менен жолугушту.

Элчи Өмүралиев Палатанын мүчөлөрүнө Кыргыз Республикасындагы инвестициялык климат жана мүмкүнчүлүктөр, бизнес жүргүзүү шарттары, анын ичинде гидроэнергетикалык потенциал жөнүндө маалымат берип, Кыргыз Республикасында өндүрүлгөн продукцияны ЕАЭБ өлкөлөрүнүн рыногуна, ошондой эле ЖПС+ программасынын алкагында 6200 даана аталыштагы товарларды Европа Биримдигине бажы алымдарсыз экспорттоо мүмкүнчүлүгүн белгиледи.

Элчи Өмүралиев Элазыгдагы ишкерлерди Кыргызстанга инвестиция кылууга жана өндүрүш ачууга чакырып, ошондой эле аларды кызыктырган суроолорго жооп берди.

​Өз кезегинде Соода-өнөр жай палатасынынПрезиденти А.Арслан, Элчи Өмүралиевдин инвестиция кылуу боюнча чакырыгын колдоп, Кыргыз Республикасына бир нече жолу болгон сапарларынан алган позитивдүү пикирлери менен бөлүштү. 

Жолугушуунун соңунда тараптар жакынкы аралыкта Элазыгдын ишкерлеринин Кыргызстанга сапарын уюштурууну макулдашышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK