Элчи Кубанычбек Өмүралиев профессор Орхан Сойлемез жана доцент Самет Азап менен жолугушту

1899

2022-жылдын 16-майында Элчи Кубанычбек Өмүралиев кыргыз адабиятынын белгилүү өкүлдөрүнүн чыгармаларын изилдеп, түрк тилине которуу менен иш алып барган Кастамону университетинин профессору Орхан Сойлемез жана доценти Самет Азап менен жолугушту.

Профессор Сойлемез жакынкы аралыкта Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата жарыкка чыга турган Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларындагы жомоктор жана уламыштар жыйнагын талдоо боюнча илимий иши аяктагандыгы тууралуу маалымат берди.

Жолугушууда Элчи Өмүралиев түрк жазуучуларына кыргыз адабиятын жайылтууга, айрыкча Чыңгыз Айтматовду Түркияга таанытууга кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирип, Сойлемезге ыраазычылык белгисин тапшырды.

Жолугушуунун соңунда Сойлемез менен Азап Элчи Өмүралиевге Элчиликтин китепканасында сактала турган кыргыз адабияты боюнча өздөрүнүн басылмаларын тапшырышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK