Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Элчиси Кубанычбек Өмүралиевдин ТҮРКСОЙдун Башкы Катчысы Дюсен Касеинов менен жолугушуусу болуп өттү

6807

2019-жылдын 30-апрелинде Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Кубанычбек Өмүралиев ТҮРКСОЙдун Башкы Катчысы Дюсен Касеинов жана Кыргызстандын ТҮРКСОЙдогу ѳкүлү Кожогелди Кулуев менен жолугушту.

Жолугушуу учурунда тараптар Кыргызстан менен ТҮРКСОЙдун ортосундагы кызматташтык боюнча, ошондой эле ТҮРКСОЙ тарабынан 2019-жылы “Ош шаары Түрк дүйнѳсүнүн маданий борбору” деп жарыялангандыгына байланыштуу ТҮРКСОЙ менен биргеликте ѳткѳрүү пландалып жаткан иш-чаралар тууралуу макулдашышты.

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK