Элчи Кубанычбек Өмүралиев Түркиянын Экономикалык саясатын изилдөө фондунун жетекчиси Гювен Сак менен жолугушту
2022-жылдын 20-июнунда Элчи Кубанычбек Өмүралиев Түркиянын Экономикалык саясатын изилдөө фондунун (TEPAV) жетекчиси Гювен Сак менен жолугушту.
Жолугушууда Фонд менен кызматташуу маселелери талкууланып, атап айтканда, жакынкы арада TEPAV делегациясынын Кыргыз Республикасына болгон иш сапарынын алкагында экономиканын ар түрдүү тармактарында биргелешкен илимий изилдөөлөрдү ишке ашыруусу талкууланат.
Маалымат үчүн: TEPAV маалыматка негизделген саясатты талдоо жана саясатты иштеп чыгууга салым кошуу үчүн түзүлгөн. Фонд Түркиянын 63 облусунда жана дүйнөнүн 60 өлкөсүндө изилдөө жүргүзгөн.