2019-жылдын 6-майында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековдун Түркия Республикасына расмий сапарынын алкагында анын Түркия Республикасынын Соода-өнөр жай палаталар жана товардык биржалар союзунун (ТОВВ) Төрагасы Рифат Хисаржыклыоглу менен жолугушуусу болду

5583

2019-жылдын 6-майында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековдун Түркия Республикасына расмий сапарынын алкагында анын Түркия Республикасынын Соода-өнөр жай палаталар жана товардык биржалар союзунун (ТОВВ) Төрагасы Рифат Хисаржыклыоглу менен жолугушуусу болду.

Жолугушууда Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасынын ортосундагы эки тараптуу соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланды.

Тараптар Кыргызстан менен Түркиянын ишкердик чөйрөлөрүнүн өз ара аракеттенүүсүн жандандыруу, тараптардын бизнес-ассоциацияларына, ишкерлерине, өндүрүүчүлөрүнө жана туроператорлоруна көмөк көрсөтүү маселелери боюнча пикир алмашты. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында ишке ашырылуусу сунушталган бир катар инвестициялык долбоорлор талкууланды.

Ушул жылы Кыргызстанда балким региондогу башка өлкөлөрдүн ишкердик чөйрөлөрүнүн өкүлдөрүн тартуу менен кыргыз-түрк бизнес-форумун өткөрүү боюнча кыргыз тарабынын сунушуна түрк тарабы колдоо көрсөтөрүн билдирди.

Кыргызстандын тышкы саясат мекемесинин башчысы ишкерлердин укугун коргой турган бизнес-омбудсмен институтун түзүү жөнүндөгү КР Өкмөтүнүн чечими, ошондой эле Кыргызстанда бизнес жүргүзүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө багытталган башка чаралар тууралуу маалымдады.

Маалымат үчүн: Түркиянын ТОВВ союзу 1,5 миллиондон ашык мүчөлөрүн бириктирген ишкерлердин дүйнөдөгү эң ири бирикмелеринин бири болуп саналат.

  • 2019-жылдын 6-майында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековдун Түркия Республикасына расмий сапарынын алкагында анын Түркия Республикасынын Соода-өнөр жай палаталар жана товардык биржалар союзунун (ТОВВ) Төрагасы Рифат Хисаржыклыоглу менен жолугушуусу болду

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK