Элчи Руслан Казакбаев “Кыргыз Айымдары”, “Кут Билим” коомдук бирикмелеринин жетекчилери, мүчөлөрү жана медициналык туризм тармагындагы “Компас” эл аралык компаниясынын жетекчиси менен жолугушту

513

2023-жылдын 18-январында Элчи Руслан Казакбаев “Кыргыз Айымдары”, “Кут Билим” коомдук бирикмелеринин жетекчилери, мүчөлөрү жана медициналык туризм тармагындагы “Компас” эл аралык компаниясынын жетекчиси менен жолугушту.

Жолугушуу Кыргыз Республикасынын жарандарынын актуалдуу маселелери менен таанышуу жана талкуулоо, укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, маданият, туризм жана Кыргыз Республикасына инвестицияларды тартуу максатында уюштурулду.

Элчи Р.Казакбаев мекендештерге элчиликтин жүргүзүп жаткан иштери жана Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча көрүлүп жаткан иштер жана көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат берип, аталган тармак Элчиликтин артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин белгиледи.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын жарандарынын Түркияда мыйзамдуу жүрүүсүнө байланыштуу суроолор көтөрүлүп, мындан ары тыгыз байланышты сактоонун маанилүүлүгү белгиленди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK