Элчи Руслан Казакбаев «Anadolu Aslanları» (ASKON) ишкерлер ассоциациясынын мүчөлөрү менен жолугушту

453

2023-жылдын 26-январында Элчи Руслан Казакбаев «Anadolu Aslanları» (ASKON) ишкерлер ассоциациясынын Кайсери шаарындагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Илкер Барлы жана уюмдун мүчөлөрү менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Элчи Руслан Казакбаев ишкерлерге Кыргызстандын экономикасы, инвестициялык потенциалы жана өлкөдөгү бизнес жүргүзүү үчүн шарттары тууралуу маалымат берди. Элчи Кыргызстандын экономикасынын негизги секторлоруна жана перспективдүү долбоорлоруна көңүл буруп, Ассоциациянын ишкерлерин инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн жеринен изилдөө үчүн Кыргызстанга чакырды.

Өз кезегинде, Илкер Барлы жана Ассоциациянын ишкерлери 2023-жылы Кайсериде кезектеги «Культепе» экономикалык саммитин өткөрүү боюнча пландарын маалымдап, ошондой эле Кыргызстанга барууга даярдыгын билдиришти.

Маалымат үчүн: "Anadolu Aslanları" ишкерлер ассоциациясы (ASKON) 9 000 адамды жана 20 000 компанияны бириктирген түрк ишкерлеринин уюму. Ассоциациянын башкы кеңсеси Стамбулда, ошондой эле Анадолу аймагындагы 34 шаарда жана Брюссел, Нью-Йорк, Пекин, Жидда жана Жакарта сыяктуу дүйнөнүн ири шаарларында кеңселери бар. Толук маалымат www.askon.org.tr сайтында.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK