Кыргыз Республикасынын жарандарын эвакуациялоо жөнүндө

670

Урматтуу Түркиядагы мекендештер!

Түркия Республикасынын жабыркаган аймактарынан Кыргыз Республикасынын жарандарын эвакуациялоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында 2023-жылдын 9-февралында эртең менен (так убактысы такталууда) Газиантеп-Ташкент багыты боюнча Өзбекстан Республикасынын атайын учагы менен Кыргызстандын жарандарын алып чыгуу боюнча макулдашууга жетишилди.

Буга байланыштуу Өзбекстан Республикасынын аймагы аркылуу мекенине кайтууну каалаган Кыргыз Республикасынын жарандарын Газиантеп шаарындагы аэропортко тез арада келүүнү суранабыз.

Кошумча маалымат алуу үчүн төмөнкү телефондор аркылуу байланышсаңыздар болот: +90 545 6896800, +90 552 8781158, +90 534 8388551.

Урматтоо менен,

Руслан Казакбаев

Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK