Газиантеп шаарынан Анкара, Стамбул же Анталия шаарларына Кыргыз Республикасынын жарандарын эвакуациялоо жөнүндө

840

Урматтуу Түркиядагы мекендештер!

Кыргыз Республикасынын Элчилигинин жана Башкы консулдуктарынын кызматкерлери Түркия Республикасынын жер титирөөдөн жабыркаган облустарында ишин улантууда.

2023-жылдын 9-февралында кечинде Газиантеп, Кахраманмараш, Османие, Хатай, Шанлыурфа, Элазыг, Адыяман, Килис шаарларында, ошондой эле башка коңшу шаарларда жайгашкан жарандар үчүн өлкөнүн коопсуз аймактарына автобустардын кезектеги жөнөшү пландалууда. Автобустардын Анкара, Анталия же Стамбул шаарларына жөнөшү күтүлүүдө.

Кооптуу аймактардан кетүүнү каалаган Кыргызстандын жарандарын Газиантеп шаарындагы аэропортко келүүнү же эвакуация маселесин чечүү үчүн жайгашкан жерин билдирүүнү суранабыз.

Мекендештерибизден +90 552 8781158, +90 534 8388551 телефондору аркылуу байланышууну суранабыз.

 

Урматтоо менен,

Руслан Казакбаев

 

Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Атайын жана

Ыйгарым укуктуу Элчиси

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK