Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Түркия Республикасынын Элчисин сабырдуулук көрсөтүп, Кыргыз Республикасынын улуттук мыйзамдарын сыйлоого чакырат

6525

2019-жылдын 6-июнунда Түркия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Женгиз Камиль Фырат Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине чакырылды.

2019-жылдын 5-июнунда Сокулук районунун Орок айылында Кыргыз Республикасынын жарандарынын ортосундагы тиричилик жаңжалды жөнгө салуу боюнча Кыргыз Республикасынын укук коргоо жана жергиликтүү органдарынын эл менен жүргүзүп жаткан иштеринин жүрүшүндө Элчинин, Женгиз Камиль Фырат мырзанын ошол жерде болушуна байланыштуу түрк тарабына Министрликтин нотасы тапшырылды.

Министрлик Түркия Республикасынын Элчисин өз аракеттери менен Кыргыз Республикасынын ички иштерине кийлигишпөөгө, сабырдуулук көрсөтүп, Кыргыз Республикасынын улуттук мыйзамдарын сыйлоого чакырды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK