Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Элчиси Руслан Казакбаев Кыргызстандын экономикалык мүмкүнчүлүктөрү тууралуу презентация жасады

416

2024-жылдын 5-июнунда Конья шаарына болгон жумушчу сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Элчиси Руслан Казакбаев Кыргызстандын экономикалык мүмкүнчүлүктөрү тууралуу презентация жасады. Конья облусунун ишкерлери менен бул бизнес жолугушуу Түркиянын «ASKON» Анадолу ишкерлеринин ассоциациясы менен биргеликте уюштурулду.

Жыйынга түрк экономикасынын түрдүү тармактарынан, анын ичинде оор жана жеңил өнөр жай, айыл чарба, логистика, курулуш, туризм, маалымат технологиялары, жарнама жана башка тармактардан 100дөн ашык өкүл катышты.

Өз сөзүндө элчи Руслан Казакбаев Кыргызстанга инвестиция тартуунун артыкчылыктары, экономиканын приоритеттүү тармактарына мамлекеттик колдоо көрсөтүү, ошондой эле өлкөнүн салык саясаты тууралуу маалымат берди. Коньялык ишкерлерди кызыктырышы мүмкүн болгон конкреттүү долбоорлор деталдуу түрдө баса белгиленди. Инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү тереңирээк изилдөө жана бизнес-форум уюштуруу үчүн Элчи Р.Казакбаев Ассоциациянын мүчөлөрүн Кыргызстанга келип кетүүгө чакырды.

Мындан тышкары, «АСКОН»дун мүчөлөрүнүн ишканаларына бир катар сапарлары уюштурулуп, алар Кыргызстан менен сооданы көбөйтүүгө кызыкдар экенин билдиришти. Атап айтканда, «Cihan» (шоколад азыктарын чыгаруу), «Yemsa» (мал тоюттарын чыгаруучу завод куруу), «Führer» (айыл чарба техникасынын тетиктерин чыгаруу) жана «Şahin» (кондитердик азыктарды өндүрүү үчүн жабдуулар) сыяктуу ишканалар Кыргызстан менен кызматташууну түзүүгө кызыкдар экенин билдирди.

  • 5 июня 2024 года в рамках рабочей поездки в город Конья, Чрезвычайный и Полномочный Посол Кыргызской Республики в Турецкой Республике Руслан Казакбаев выступил с презентацией экономических возможностей Кыргызстана.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK