Элчи Руслан Казакбаев менен Камбоджанын Түркиядагы элчиси Чеа Соктун жолугушуусу болуп өттү

443

2024-жылдын 7-июнунда Элчи Руслан Казакбаев менен Камбоджанын Түркиядагы элчиси Чеа Соктун жолугушуусу болуп өттү.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө түрдүү тармактарда эки тараптуу кызматташтыкты орнотуу жана өнүктүрүү, сооданы кеңейтүү маселелери боюнча пикир алмашуу болуп, эки өлкөнүн эл аралык аренада, атап айтканда БУУнун алкагында өз ара аракеттенүүсүнүн келечеги талкууланды.

Мындан тышкары, өкмөттөр аралык жана парламенттер аралык топтордун алкагында кызматташууну күчөтүү зарылдыгы белгиленди.

Жолугушуунун соңунда тараптар эки өлкөнүн ортосундагы мамилелерди бекемдөө үчүн мындан ары да күч-аракеттерди жумшоого даяр экендиктерин билдиришти.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK