2024-жылдын 14-июнунда Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Р.А.Казакбаев Түркия Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары Нух Йылмаз менен жолугушуусу болуп өттү

315

2024-жылдын 14-июнунда Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Р.А.Казакбаев Түркия Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары Нух Йылмаз менен жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыктын учурдагы абалын жана перспективаларын талкуулашты.

Алдыда боло турган иш-чаралардын графиги жана быйылкы жылы эң жогорку жана жогорку деңгээлдеги пландалган сапарлар жана жолугушуулар каралды.

Тараптар эки тараптуу соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүү жана тереңдетүү жана өлкөлөр ортосундагы өз ара соода жүгүртүүнү жогорулатуу, анын ичинде Кыргыз-Түрк өнүктүрүү фондун (инвестиция) түзүү, ошондой эле билим берүү тармагында кызматташууну тереңдетүү маселелерин кеңири талкуулашты.

Кыргыз тарап Кыргыз Республикасынын 150 жаранын Түркиянын медициналык мекемелеринде жыл сайын бекер дарылоону караган Саламаттыкты сактоо жана медицина илимдери жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашууну ишке ашырууну тез арада жандандыруунун жана берилген квотаны жылына 500 адамга чейин кеңейтүү маанилүүлүгүн белгиледи.

Элчи Р.Казакбаев менен Тышкы иштер министринин орун басары Нух Йылмаз көп тараптуу платформалардагы өз ара аракеттенүүсүн, анын ичинде Түрк Мамлекеттер Уюмунун алкагында боло турган иш-чараларды жана Бириккен Улуттар Уюмундагы демилгелерди өз ара колдоону кеңири талкуулашты.

  • 2024-жылдын 14-июнунда Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Р.А.Казакбаев Түркия Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары Нух Йылмаз менен жолугушуусу болуп өттү

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK