Анкарада «Кыргызстан күнү» өтөт

6927

Анкаранын Этимесгут муниципалитетинин Эл аралык 16-Анадолу күндөрүнүн маданият жана искусство фестивалы кызуу жүрүп жатат. Фестивалда 4-сентябрь «Кыргызстан күнү» деп белгиленип, анда Кыргыз жана Түрк ырчылары сахнада өнөрлөрүн биргелеше тартуулашат.

Бул күндү Этимесгут муниципалитети менен Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Элчилиги биргеликте өткөрүп, Кыргызстандан Кыргыз эл артисти Күмөндөр Абылов, Тилекгүл Абылова жана Канат Мукун Абылов жана ошондой эле жаш таланттар Эркинбек уулу Айтмат, Перизат Нурбек кызы сахнага чыгат. Аны менен бирге Кыргыздын кол өнөрчүлүк буюмдары орун алып Кыргыз маданияты Анкара калкына кеңири таанытылат. Иш-чара кечки саат 19:00да жумуш убакыттары бүткөн соң болот. Келип көрүп кетиңиздер.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK