2019-жылдын 3-сентябрында Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Атайын жана Толук Ыйгарым Укуктуу Элчиси Кубанычбек Омуралиевдин Түркия Республикасынын Саламаттыкты сактоо Министри Фахреттин Кожа менен жолугушуусу болуп ѳттү.

5215

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы саламаттыкты сактоо тармагындагы эки тараптуу кызматташуунун динамикалык ѳнүгүүсүн талкуулашты. Анын ичинде, Бишкек мамлекеттик кыргыз-түрк достук ооруканасын ачууну тездетүү жана жылына акысыз дарылоо боюнча квотанын санын 100 кишиден 150 кишиге чейин кѳбѳйтүү боюнча Макулдашууну ишке ашыруу.

Элчи К.Омуралиев, Түркиядагы биздин жарандар үчүн бөлүнгөн квотанын негизинде кохлеардык имплант операциясын күткөн кыргыз жарандарына операция жасоону тездетүү, Кыргыз Республикасынын дарыгерлери жана медицина тармагында иштеген адистери үчүн Түркияда стажировка ѳтүү, ошондой эле Түркия Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин дарыгерлеринин катышуусу менен «Кыргызстанда ден-соолук жумасы» долбоорун улантуу ѳтүнүчүн билдирди.

Түрк тарабы жогоруда аталган маселелер чечиле тургандыгын билдирүү менен, кыргыз тарабы жер тилкеси бѳлүп берсе Кыргыз Республикасынында диагностикалык борбор куруу сунушун киргизди.

  • 2019-жылдын 3-сентябрында Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Атайын жана Толук Ыйгарым Укуктуу Элчиси Кубанычбек Омуралиевдин Түркия Республикасынын Саламаттыкты сактоо Министри Фахреттин Кожа менен жолугушуусу болуп ѳттү.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK