2020-жылдын 11-февралында Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Кубанычбек Өмүралиев Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынын депутаты Бехич Челик менен жолугушту

5078

2020-жылдын 11-февралында Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Кубанычбек Өмүралиев Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынын депутаты Бехич Челик менен жолугушту

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы парламенттер аралык кызматташтыкты, ошондой эле өлкөлөр ортосундагы соода-экономикалык байланыштарды өнүктүрүүнү талкуулашты.

Элчи Кубанычбек Өмүралиев Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасынын эки тараптуу мамилелерин өнүктүрүү боюнча Элчиликтин ишмердүүлүгү жөнүндө маалымат менен бөлүштү. Ү.ж. 26-29-февралында Адана жана Мерсин шаарларына иш-сапар менен бараарын жана анын алкагында провинциялардын, шаарлардын жана ишкердик уюмдардын жетекчилери менен жолугушаарын маалымдады.

Түркия Парламентинде Мерсин провинциясынан депутат болгон Бехич Челик Кубанычбек Өмүралиевдин аталган мөөнөттөгү иш-сапарын уюштурууга жардам берүүгө даярдыгын билдирди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK