Түркияда коронавирус боюнча маалымат берүү жана шашылыш учурларда ыкчам чара көрүү максатында Түркия Республикасынын Саламаттыкты сактоо минстрлигинин алдында Байланыш борбору (SABIM) кызмат көрсөтүүдө.

5217

Урматтуу Түркиядагы Кыргыз Республикасынын жарандары!

2020-жылдын 14-мартынан бери Түркияда коронавирус боюнча маалымат берүү жана шашылыш учурларда ыкчам чара көрүү максатында Түркия Республикасынын Саламаттыкты сактоо минстрлигинин алдында Байланыш борбору (SABIM) кызмат көрсөтүүдө.

Аталган борборго 184 телефон номери аркылуу кайрылуу зарыл. Саламаттыкты сактоо министрлигинин жооптуу кызматкерлери коронавирус боюнча кайрылгандарга маалымат берип, керектүү чараларды көрүшөт.

Эгер кайрылган кишиде “COVID-19” вирусунун белгилери бар болсо жана бейтаптын абалы оор болуп, ооруканага баруу мүмкүнчүлүгү жок болсо Саламаттыкты сактоо минстрлигинин Байланыш борбору (SABIM) бейтаптын дарегине Тез жардам жиберет.

Мындан тышкары түздөн-түз 112 ыкчам телефон номерине чалып, эң жакын Тез жардам унаасын чакыруу мүмкүн.

Элчилик бардыгыңыздарга чын ден-соолук каалап, сак болууга чакырат.

                                                                          

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK