Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайип Эрдоган коронавирустун жайылышына каршы жаңы чараларды жарыялады

5494

Үстүбүздөгү жылдын 27-мартында Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайип Эрдоган коронавирустун жайылышына каршы төмөнкү жаңы чараларды жарыялады:

1. Шаарлар ортосундагы саякат мындан кийин губернаторлордун администрациясынын уруксаты менен ишке ашат.

2. Мамлекеттик мекемелер сыяктуу жеке сектор дагы эң аз жумушчу менен ийкемдүү иш тартибине өтөт.

3. Коомдук транспортторго аз кишинин отуруусу камсыз кылынат

4. Пикник үчүн жайлар, тарыхый жерлер, токой сыяктуу жайлар  аптанын аягында жабык болот. Апта ичинде эл топтолуп чогулбайт.

5. Аскердик кызматын өтөө үчүн жаңы келгендер жана кызматын өтөп бүтүп кетип жаткандар 14 күндүк карантин эрежесине ылайык көзөмөлдө болушат.

6. Чет өлкөгө аба каттамдары толугу менен токтотулду.

7. Бардык аймактарда Губернаторлодун башчылыгында Пандемия кеңеши түзүлүп, кабыл алынган чечимдердин аткарылуусу көзөмөлдөнөт. Керек болгон учурда бул кеңеш тарабынан ошол аймакка тиешелүү кошумча чаралар көрүлөт.

Бул кабыл алынган чаралар Стамбул, Анкара жана Измир сыяктуу Турциянын 30 чоң шаарында аткарылат.

Түркия Республикасындагы Кыргыз Республикасынын Элчилиги Түркияда убактылуу окуган, иштеген жана туруктуу жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарын Түркия Республикасынын коронавирустун жайылышынан калкты коргоо үчүн кабыл алган иш чаралары боюнча бардык талаптарын аткарууга, ызы-чууга алдырбай, бардык коопсуздук эрежелерин сактоого чакырат!

Баарыңыздарга бекем ден соолук каалайбыз!

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK