Түркиянын жогорку окуу жайларында окуган Кыргызстандык студенттер үчүн

5120

“Түркиянын стипендиялары” (Türkiye Burslarıпрограммасы аркылуу Түркиянын университеттеринде окуган студенттер үчүн коронавирус шарттарында жаңы көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө Түркия Республикасынын Тышкы иштер министрлигинен алынган маалыматка  ылайык төмөнкүлөрдү билдиребиз.

  • Жогорку окуу жайлар кеңешинин (Yüksekokul Kurulu) 2020-жылы жазгы семестрде онлайн түрдө окууга өтүү чечими менен бирге “Түркиянын стипендиялары” программасы боюнча окуган студенттердин жашоо жана тамактануу чыгымдарын жабуучу кадимки стипендиядан пайдалануу улантылууда. 
  • Бирок, окуусун өз каалоосу менен убактылуу токтотууну каалаган студенттер үчүн стипендия токтотулат.
  • Кредиттер жана жатаканалар мекемесинин (КЖМ) жатаканаларында жашаган студенттер эски жатаканалары карантин үчүн колдонулуп жатса, мамлекеттик башка жатаканаларда калууга уруксат берилет. Жеке жатаканаларда жашагандар ал жер ачык болсо кала беришет. Эгерде жабылса, аларга КЖМ (Kredi ve Yurtlar Kurumu) жатаканаларында калуу мүмкүнчүлүгү берилет.
  • Стипендия алып окугандардын академиялык жана жеке өсүшү үчүн даярдалган социалдык жана маданий программалар онлайн түрдө жүргүзүлөт.
  • Дистанттык жана онлайн түрдө билим алуу, ошондой эле студенттерге стипендиянын төлөнүшү улантылгандыктан, COVID-19 кырдаалына байланыштуу мекенине кайтып барууну каалаган стунденттердин учак билетинин чыгымдары каржыланбайт.

Жогоруда айтылгандардан тышкары, 2021-жылга карата “Түркиянын стипендиялары” (Türkiye Bursları) программасына талапкерлерди тандоо процесси улантылууда жана эпидемиянын күчөп кеткендигине байланыштуу аталган программа үчүн тандоо жана баалоо календарында өзгөрүүлөр болушу мүмкүн экендиги билдирилет. 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK