Кыргыз Республикасынын жана Түркия Республикасынын ТИМ Башчыларынын телефон аркылуу сүйлөшүүсү тууралуу
2020-жылдын 3-июлунда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Ч.Айдарбековдун Түркия Республикасынын тышкы иштер министри М.Чавушоглу менен телефон аркылуу сүйлөшүүсү болду.
Тараптар COVID-19 пандемиясынын маселелерине өзгөчө көңүл бурушту.Коронавирустук инфекциянын мындан ары жайылышына каршы күрөшүүдө түрк тарабынын Кыргыз Республикасына жардам көрсөтүүгө даяр экендиги билдирилди.