Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата "Кыргыз тили жана маданияты" видеоконференциясы болуп өттү
Үстүбүздөгү жылдын 27-августунда "Түрк Дил Куруму" уюмунун демилгеси менен Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата "Кыргыз тили жана маданияты" видеоконференциясы болуп өттү. Ага Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Элчиси К.Өмүралиев жана "Түрк Дил Куруму" уюмунун жетекчиси проф. д-р. Г.Гүлсевин, ошондой эле профессорлор Х.Касапоглу, Э.Гурсой, К.Конкобаев жана С.Кайыпов катышты. Видеоконференциянын жүрүшүндө кыргыз тили менен маданиятынын өнүгүшү, анын ичинде Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы мамилелердин тарыхы жана эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери талкууланды.