Элчи Кубанычбек Өмүралиев Кыргыз-Түрк Университетинин жаңы Ректору Профессор Алпарслан Жейлан менен жолугушту.

3537

2020-жылдын 1-сентябрында Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Кубанычбек Өмүралиев Кыргыз-Түрк «Манас» Университетинин жаңы Ректору Профессор Алпарслан Жейлан менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз-Түрк Манас Университетинин ишмердүүлүк маселелерин, ошондой эле эки өлкөнүн билим жана илим тармагындагы кызматташуусун талкуулашты.

Элчи К.Өмүралиев А.Жейланды аталган тармактарда эки өлкөнүн ортосундагы байланыштарды бекемдөөгө жана кызматташууну өнүктүрүүгө түрткү берүүгө чакырып, ага жаңы кызматында баштап жаткан аракеттерине ийгилик каалады.

А.Жейлан К.Өмүралиевге ыраазычылыгын билдирип, ага КТУ Манас Университетиндеги пландалган долбоорлор боюнча маалымат берди.

  • 2020-жылдын 1-сентябрында Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Кубанычбек Өмүралиев Кыргыз-Түрк Университетинин жаңы Ректору Профессор Алпарслан Жейлан менен жолугушту.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK