Документерди таануу жана суратып алдыруу
Кыргыз Республикасынан социалдык жана укуктук мүнөздөгү документтерди (соттолбогону тууралуу справка, жарандык абалы тууралу справка, туулгандыгы/никеге тургандыгы/өлгөндүгү тууралуу күбөлүк, ж.б. архивтик документтер) суратып алуу үчүн төмөнкү документтер талап кылынат:
-
Элчиликтин консулдук бөлүмүнүн наамына эркин формада жазылган арыз. Арызда кайрылуучу аты-жөнүн, жашаган жерин, телефон номерин, электрондук дарегин көрсөтүп жана Кыргызстандан документти суратып алууга жардамдашуу өтүнүчү менен кайрылат.
-
2х2 дюйм (inches) өлчөмүндөгү бир даана түстүү сүрөт.
-
Толтурулган анкетанын 3 даанасы (анкетаны жүктөө).
-
Паспорттун көчүрмөсү.
-
Паспорттун консулдук каттоодо турган белгиси бар баракчасынын көчүрмөсү (Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн).