2021-жылдын 19-майындагы Элчиликтин кулактандыруусу.

2712

Ушул жылдын 18-майында Индиянын батыш жээгинде болуп жаткан циклондун натыйжасында, Карачи шаарын жана анын айланасын кубаттуу чаң бороон каптады.

         Табигый кырсыктын кесепетинен 4 адам каза болуп, 10дон ашык адам ар кандай жаракаттарды алышкан.

         Алдын ала маалымат боюнча, каза болгондордун жана жаракат алгандардын арасында Кыргызстандын жарандары жок.

         Элчилик кырдаалды көзөмөлдөп, Синд провинциясында, тактап айтканда Карачи шаарында жашаган Кыргызстандын жарандары менен ар дайым байланышта.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK