КР ТИМинин Пакистан жарандарынын Кыргыз Республикасынын аймагында жүрүүсү тууралуу маалыматтык билдирүүсү

2541

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Пакистан Ислам Республикасынын жарандарынын Кыргыз Республикасынын аймагында жүрүүсү боюнча төмөнкүлөрдү билдирет.

Буга чейин белгиленгендей, Кыргыз Республикасына келип жаткан Пакистандын жарандары Sinopharm, AstraZeneca, Pfizer жана Sputnik-V вакциналары менен өз өлкөсүндө эмделген. Бул маалымат  Кыргыз Республикасындагы Пакистандын элчилиги тарабынан расмий түрдө тастыкталган.

Мындан тышкары, COVID-19 таажы вирус илдетин жайылтпоо иш-аракеттеринин Алгоритмине ылайык, Кыргыз Республикасына кирүү үчүн бардык чет өлкөлүк жарандардан, анын ичинде Пакистан жарандары акыркы 72 саат ичинде жасалган терс жыйынтыктагы ПЧР-тестти милдеттүү түрдө көрсөтүүгө тийиш.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматы боюнча, Кыргыз Республикасынын аймагына келген бардык чет өлкөлүк жарандар, анын ичинде Пакистан жарандары да текшерүүдөн өтүшөт (термометрия, субъективдүү анализ) жана клиникалык көрүнүштөр аныкталган учурда, дароо изоляцияга алынып, медициналык мекемелерге жөнөтүлөт. Белгиленгендей, Кыргыз Республикасынын аймагында аныкталган инфекция жуктургандардын ичинен 1%ы гана импорттолгон болуп саналат.

Ошол эле учурда социалдык тармактарда 25тен 35 жашка чейинки Пакистан жарандары Кыргызстанга келип жатат деген маалымат, активдүү эмгекке жарамдуу куракта болгондугунан бул адамдар Бириккен Араб Эмираттарына жана Сауд Аравия Падышалыгына иштөөгө бара жаткандыгы менен түшүндүрүлөт.

Министрлик аларга карата чектөөлөр киргизилген адамдар Кыргыз Республикасынын аймагына кирип кетпөөсүн көзөмөлдөө максатында, Пакистан жарандарына виза берүү алдында Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук органдары аларды милдеттүү түрдө текшерүүдөн өткөрөт.

Азыркы убакта дипломаттык жана кызматтык визалардан (дипломаттарга жана расмий делегация мүчөлөрүнө) сырткары Афганистандын бардык жарандарына виза берүүгө чектөөлөр киргизилгендигин Мининстрлик өзгөчө белгилейт.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK