Элчи Э. Бейшембиев Пакистандын Өкмөтүнүн Соода маселелер үчүн жооптуу Катчысы Сардар Ахмад Наваз Сукера мырза менен жолугушту
2019 –жылдын 5-апрелинде, Исламабад шаарында Элчи Э. Бейшембиев Пакистандын Өкмөтүнүн Соода маселелер үчүн жооптуу Катчысы Сардар Ахмад Наваз Сукера мырза менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.
Элчи Э.Бейшембиев Пакистандын Өкмөтүнүн Соода маселелер үчүн жооптуу Катчысына Кыргызстандын экспорттук жана салым мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат берди, ошондой эле ар түрдүү чөйрөлөрдө эки өлкөнүн бизнес-жамааттардын ортосундагы кызматташтыгы үчүн зор мүмкүнчүлүктөрүн белгиледи.
Тараптар ошондой эле, 2019-жылдын 4-чү бөлүмүндө өтө турган соода-экономикалык жана илимий-техникалык кызматташтык боюнча Кыргыз-пакистандык өкмөттөр аралык комиссиянын 4-жыйынынын жана Кыргыз-Пакистан Ишкер Советинин маселелерин талкуулашты.
Соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү тууралуу кеп кылып, региондук транспорттук байланышынын маанилүүлүгүн эске алуу менен, кыргыз тарабы «Пакистан-Кытай-Кыргызстан-Казахстан ортосундагы транзиттик ташуу боюнча төрт тараптуу келишимдин» негизги потенциалын өнүктүрүү маселелерин көтөрдү.
Жолугушуунун жыйынтыгында, тараптар эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык мамилелерди андан ары өнүктүрүү үчүн, бири-бирине болгон берилгендигин билдиришти.