Элчи Э.Бейшембиев Пакистандын Кыргызстанга жаңы дайындалган Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Сардар Тарик Хан мырза менен жолугушту

3639

2020-жылдын 4-мартында, Кыргыз Республикасынын Исламабад шаарындагы элчилигинде, Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Э.Бейшембиев Пакистандын Кыргызстанга жаңы дайындалган Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Сардар Тарик Хан мырза менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки тарап 2020-жылдын 2-чи бөлүмүндө өтө турган соода-экономикалык жана илимий-техникалык кызматташтык боюнча Кыргыз-пакистандык өкмөттөр аралык комиссиянын 4-жыйынынын жана башка кыргыз-пакистан мамилелеринин актуалдуу маселелерин талкуулашты.

Тараптар ошондой эле, соода-экономикалык аймагынында эки өлкөнүн кызматташуусун  күчөтүү үчүн, алгоритмди  иштеп чыгышты.

Элчи Э.Бейшембиев Сардар Тарик Хан мырзаны жаңы дайындалышы менен куттуктап, өтө маанилүү ишине ар бир ийгилик каалады.

Өз кезегинде, пакистандык тарабы бардык чөйрөдө эки тараптуу кызматташтыкты жандандыруу үчүн даяр экендигин билдирди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK