Кыргыз Республикасынын Пакистан Ислам Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Уланбек Тотуяев «B4U» жана «SR» компанияларынын президенти Сайф Ур Рехман Хан Ниязи менен жолугушту

1801

Кыргыз Республикасынын Пакистан Ислам Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Уланбек Тотуяев Карачи шаарынан келген «B4U» жана «SR» компанияларынын президенти Сайф Ур Рехман Хан Ниязи менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө соода-экономикалык кызматташуунун актуалдуу маселелеринин кеңири чөйрөсү талкууланды. Элчи У.Тотуяев Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жапаровдун чет элдик инвестицияларды коргоо боюнча бир катар алгылыктуу демилгелерин белгиледи.

Өз кезегинде, "B4U" жана "SR" компанияларынын президенти Сайф Ур Рехман Хан Ниязи Кыргызстанда соода, микрокаржылоо, фармацевтика жана авиация тармагы боюнча бир катар инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу пландары тууралуу маалымат берди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK