Кыргыз Республикасынын Пакистан Ислам Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Уланбек Тотуяев Гужранвала шаарынын Соода-өнөр жай палатасына барып, анын президенти Мухаммад Шоаиб Батт жана ошондой эле ардактуу мүчөлөрү менен жолугушту.

1053

2022-жылдын 29-июнунда Гужранвала шаарына жумушчу иш сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Пакистан Ислам Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Уланбек Тотуяев Гужранвала шаарынын Соода-өнөр жай палатасына барып, анын президенти Мухаммад Шоаиб Батт жана ошондой эле ардактуу мүчөлөрү менен жолугушту.

Элчи У.Тотуяев өз сөзүндө кыргыз тарабы эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүнүн кеңири перспективаларын эске алуу менен Пакистандын ар бир аймагы менен мамилелерди өнүктүрүүгө өзгөчө маани бергендигин баса белгиледи. Буга байланыштуу ал Пакистандын бизнес өкүлдөрүн Кыргыз Республикасынын рыногуна жана келечекте ЕАЭБ өлкөлөрүнүн рынокторуна чыгуу менен өз ишмердүүлүгүн кеңейтүү, ошондой эле Кыргызстандын аймагындагы келечектүү долбоорлорго инвестициялоо мүмкүнчүлүгүн карап чыгууга чакырды.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки тарапты кызыктырган жана алардын ичинде соода, инвестиция, энергетика, тоо-кен казып алуу, маалымат технологиялары, транспорттук коммуникациялар, курулуш тармактарындагы кыргыз-пакистан кызматташтыгын өнүктүрүүгө байланыштуу маселелер талкууланды.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар биздин мамлекеттин рыногу менен таанышуу жана мындан аркы өз ара пайдалуу кызматташуунун келечегин изилдөө үчүн, ушул жылы Гужранваланын бизнес-коомчулугунун өкүлдөрүнүн Кыргыз Республикасына иш сапарын уюштурууну макулдашышты.

 

  • Кыргыз Республикасынын Пакистан Ислам Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Уланбек Тотуяев Гужранвала шаарынын Соода-өнөр жай палатасына барып, анын президенти Мухаммад Шоаиб Батт жана ошондой эле ардактуу мүчөлөрү менен жолугушту.
  • Кыргыз Республикасынын Пакистан Ислам Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Уланбек Тотуяев Гужранвала шаарынын Соода-өнөр жай палатасына барып, анын президенти Мухаммад Шоаиб Батт жана ошондой эле ардактуу мүчөлөрү менен жолугушту.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK