Пакистандагы КР элчилиги, Лахор шаарында, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин 75 жылдыгына жана Кыргыз тилинин мамлекеттик статусына 30 жылдыгына арналган сүрөт көргөзмөсүн уюштурду

4402

2019 жылдын 9-декабрында, Кыргыз Республикасынын Пакистандагы элчиси Э.Бейшембиев Пакистандагы алдынкы жана улуу жогорку окуу жайларынын бири Лахор шаарындагы Пенджаб Университетинин жетекчилиги жана студенттери менен жолугушту.

Университеттин вице-ректору профессор др. Н.А. Ахтар жана факультеттеринин декандары менен жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстандагы жогорку окуу жайлары менен кызматташуу боюнча протоколдорго кол коюу, мугалимдер жана студенттер арасындагы алмашуу жана биргелешкен изилдөөлөрдү уюштуруу маселелери талкууланды.

Кыргыз Республикасынын Элчиси Э.Бейшембиев Пенджаб Университетинин студенттери жана жетекчилиги алдындадагы өз сөзүндө Кыргызстандын тарыхы жана тышкы саясатынын курсу, Борбор Азиянын Пакистан менен тарыхый байланыштар, бүгүнкү эки тараптуу кыргыз-пакистан мамилелери, экономикалык, инвестициялык жана туристик  мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат берди.

Кыргызстандын элчилиги, Пенджаб Университетинде, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин 75 жылдыгына жана Кыргыз тилинин мамлекеттик статусына 30 жылдыгына арналган сүрөт көргөзмөсүн жана Кыргызстан тууралуу видеолор көрсөтүсүн уюштурду.

Ошол эле күнү, Элчи Э.Бейшембиев Лахор мэри М.A.Б.Лодхи менен жолугушуунун жүрүшүндө, тараптар Лахор жана Ош ш. ортосундагы  кызматташуу жана бир тууган шаар мамилелерин түзүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

Күндүн программасы Лахор ш. ишкерлер, туроператорлор жана ЖМК өкүлдөрү катышуусу менен "Кыргыз Республикасынын туризм, соода, инвестиция, маданият жана билим берүү мүмкүнчүлүктөрү" аттуу тегерек стол менен аяктады.

Жылдын 10-декабрында, Элчи Э.Бейшембиев Лахор шаарынын Соода-өнөр жай палатасынын Президенти И.И.Шейх жана мүчөлөрү менен жолугушту. Ал өз сөзүндө, Кыргызстандын соода-экономикалык, туризм, транзиттик мүмкүнчүлүктөрүн баса белгилеп, Борбор Азиянын, ЕАЭБ жана ЕБ рынокторго буюмдарын экспорттоо максатында, Пакистандын компанияларын КРсында ишканаларын ачууну сунуштады, турист катары ошондой эле бизнес жүргүзүү мүмкүндүгүн иликтөө үчүн Кыргыз Республикасына келип кетүүгө чакырды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK