2021-жылдын 26-февралында, Пакистан Ислам Республикасынын Пенджаб провинциясынын Лахор шаарына болгон жумушчу сапарынын алкагында, Кыргыз Республикасынын Пакистан Ислам Республикасындагы Элчиси Эрик Бейшембиев мырза Бүткүл Пакистан текстиль фабрикалар ассоциациясынын (APTMA) жетекчилиги менен жолугушуу өткөрдү.

1640

Тараптар текстиль тармагында кыргыз-пакистан кызматташтыгын өнүктүрүү маселелерин талкуулашты. Пакистан тарап Кыргызстандан пахта чийки затын экспорттоого кызыкдар экендигин билдирди.

Тараптар Кыргызстан менен Пакистандын ортосундагы транспорттук-логистикалык байланыштарды өнүктүрүү маселесин талкуулашты.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки тарап тең эки өлкөнүн ишкер чөйрөлөрүнүн ортосунда түздөн-түз ишкер байланыштарды түзүүгө жана кеңейтүүгө көмөктөшүүгө даяр экендиктерин ырасташты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK