2022-жылдын 4-ноябрында Кыргызстан менен Пакистандын ортосундагы маданий-гуманитардык жана билим берүү тармагындагы байланыштарды чыңдоо максатында Пакистан Ислам Республикасынын Лахор шаарында экинчи масштабдуу иш-чара өткөрүлдү.

748

Кыргызстандын Пакистандагы Элчилиги тарабынан маданий-гуманитардык жана билим берүү байланыштарын чыңдоо, ошондой эле эки тараптуу туризмди өнүктүрүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында 2022-жылдын 4-ноябрында Пакистандын Лахор шаарында Пакистан өкмөтүнүн Улуттук мурас жана маданият департаментинин колдоосу менен Кыргызстан менен Пакистандын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына карата уюштурулган экинчи масштабдуу иш-чара өткөрүлдү.
    Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Пакистан Ислам Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Уланбек Тотуяев, Лахор университетинин төрагасы Авайс Рауф, “Educational Advisor” компаниясынын башкы директору Имран Назир, Кыргыз Республикасынан чакырылган туристтик компаниялардын өкүлдөрү жана искусство ишмерлери, ошондой эле Пакистандын маданият жана туризм секторлору, билим берүү тармагынын өкүлдөрү катышты.
    Кыргызстанды Пакистандын коомчулугуна таанытуу максатында катышуучуларга билим берүү жана туризм мүмкүнчүлүктөрү жана Кыргыз Республикасы менен кызматташуунун артыкчылыктары тууралуу презентациялар көрсөтүлдү. Мындан тышкары кыргыз артисттери улуттук музыкалык номерлерин элге тартуулашты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK