Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун тургундары үчүн пакистандык өнөктөштөрдөн гуманитардык жардам жөнүндө

2257

Кризиске каршы иш-чаралардын алкагында Кыргызстандын Пакистандагы Элчилиги, 2021-жылдын 28-апрелинен 1-майына чейин кыргыз-тажик чек арасында болгон трагедиялуу окуялардын натыйжасында жабыркаган Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун тургундары үчүн, пакистандык жеке өнөктөштөрдөн гуманитардык жардам алуу маселесин иштеп чыкты.

Жалпы салмагы 200 кг болгон "D Max" жана "Prepro Z" витамин комплекстери түрүндөгү гуманитардык жардам 3-октябрда Кыргызстанга Исламабад-Бишкек каттамы боюнча чартердик рейс менен жөнөтүлгөн.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK